РОБСОН Поль

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

РОБСОН Поль (1898, Принстон, Америка Кошмо Штаттары – 1976, Филадельфия) – америкалык ырчы (бас), драма актёру, коомдук ишмер. Кедей негр үй-бүлөсүнөн. Нью – Йорктогу Колумбия университетинин укук факультетин бүткөн. Драма актёру катары эң көрүнүктүү ролу – Отелло (1930, «Савой» театры, Лондон). 1925-жылдан негр эл ырларын аткарган. 1926–1928-жылы Европа өлкөлөрүндө концерт бергенден кийин дүйнөлүк атакка жетишкен. Робсондун үнү кооз тембрлүү, жумшак бас, диапазону кенен. Репертуарында (20 тилде ырдаган) негр жанa америка эл ырлары, испан жанa немец антифашисттик ырлары, СССР элдеринин ырлары жана башкалар болгон. Кинодо 1933-жылдан тартыла баштаган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин мүчөсү; Москва консерваториясынын ардактуу профессору (1958). Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын (1950), «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын (1953) лауреагы.