РИТУРНЕЛЬ
Jump to navigation
Jump to search
РИТУРНЕЛЬ (французча ritournelle кайтуу) – 1. Ырдын, ариянын аспаптык киришүү бөлүмү. Ал куплеттер, бөлүмдөр ортосунда кайталанышы жанa аягында аткарылышы мүмкүн. 2. Концерттик түзүлүштөгү теманын аталышы. 3. Ыкчам мүнөздөгү бөлүм. Ал созулган, жай бөлүмдү толуктап турат. 4. Бий музыкасындагы киришүү кайрыгы. Ал чыгарманын жыйынтыктоочу (бүтүрүүчү) бөлүмү катары кызмат аткарышы да ыктымал.