РЕВОЛЮЦИЯЛЫК ЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК ЫРЛАР – көтөрүлүш, төңкөрүш идеяларын билдирген элдик жана авторлор жараткан ырлар. Революциялык ырлар алгач XV—XVIII кылымдарда Россия жана Европа өлкөлөрүндөгү жумушчулар ырлары болгон. Революциялык ырлардын гүлдөп өсүшү XVIII—XIX кылымдарга таандык. Алардын эң мыкты үлгүлөрү «Марсельеза», «Интернационал», «Кызыл туу» жана башкалар