РЕБАБ
Jump to navigation
Jump to search
РЕБАБ, р а б а б – 1. Африка, Жа кынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш, Борбордук Азияда тараган кылдуу чертме жана тартма музыкалык аспаптардын жалпы аталышы. 2. Жаргак капкагы жал-куйруктан жасалган 3 кылы жана ийилген жаасы бар тартма музыкалык аспап. Индонезияда, Араб өлкөлөрүндө, Малайзияда жолугат. 3. Жыгачтан жасалган сүйрү кылдуу тартма музыкалык аспап. Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүндө – Магрибде колдонулат.