АТТОКУРОВА Нуржамал Сабыровна

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТТОКУРОВА Нуржамал Сабыровна (1961-жылы туулган, Нарын шаары) – экономика илимдеринин доктору (2010). 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун “ВНИИКС”те кенже кызматкер болуп баштаган. КММАда улук окутуучу, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда дүйнөлүк экономика кафедрасынын башчысы. Анын 62 илимий эмгек, 4 монография, 2 окуу китебинин автору.