АТЛАНТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТ‒ 1) байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп; Ал титандардын кудайларга каршы күрөшүнө катышканы үчүн Зевстин буйругу боюнча ушул жазага тартылган; 2) имараттарды, порталдарды жасалгалоодо архитектуралык дубалга же колоннага кошо тургузулган эркектин статуясы.

Санкт-Петербургдагы Жаӊы Эрмитаж дын портик атланттары (1844‒1849).Скульптору А.И.Теребенев.

Атлант балкондордун жана эркерлердин тирөөчтөрү катары орнотулат. Мындай скульптуралык ыкма Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5‒4-кылым) пайда болуп, 17‒20-кылымдардын архитектурасында кеӊири орун алган (Франция, Тулондогу ратушанын Атланты 1955‒1957-жылдар, скульптору ‒ П. Пюже; Санкт-Петербург дагы Жаӊы Эрмитаждын портигинин Атланты 1844‒1849-жылдар, скульптору ‒ А.И. Теребенев).