АНДРЕЕВ Юрий Николаевич

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНДРЕЕВ Юрий Николаевич (07. 08. 1933-жылы туулган) - геолог, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ростов мамлекеттик университетинин геология факультетин бүтүргөн (1957). Кыргыз геологиялык башкармасынын Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында геолог (1957-1973), башкы геолог (1973-1976) болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан.