РЕДАКЦИЯ (музыкада)

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

РЕДАКЦИЯ (латынча. redactus – иретке келтирилген) – музыкалык чыгарманын нота жазмаларына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү жана мындай өзгөртүүлөр киргизилген жазманын өзү. Редакция максаты – музыкалык чыгарманын тажрыйбада колдонулушун жеңилдетүү, аны учурдун жаңыланган эстетикалык жана көркөмдүк талаптарына ылайыкташтыруу.