АУК

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АУК (тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 7 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы негизделген. Деӊиз деӊгээлинен 795 м бийиктикте. Калкы 3 262 (2022); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, маданият үйү жана башка бар.