АТЫШОВ Көбөгөн

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:48, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЫШОВ Көбөгөн (20. 10. 1949-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы) ‒ экономист, экономика илимдеринин доктору (1992). КМУнун география факультетин бүткөн (1971). Орто мектепте мугалим, Кыргыз Энциклопедиясында илимий редактор, КР УИАнын экономика жана политология институтунда илимий кызматкер, 1995-жылдан КАЧУда кафедра башчы, декан. 2002‒2003-жылдары Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик университетинде кафедра башчысы, 2005-жылдан проректор. Эмгектери Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын экономикалык жактан баалоого жана натыйжалуу пайдаланууга, туризмди жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүгө арналган. 100дөн ашуун илимий иштери жарыяланган.

Эмг.: Кыргызстандын туризм географиясы. Б., 1996; Туризм алкагындагы реклама. Б., 1997; Экотуризм. Б., 2005.