АТТИШ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:37, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТТИШ, к ы ч к а ч, а т к ы ч к а ч, к а м б а р к ы ч к а ч ‒ мык жана башка сууручу аспап. Эки жаагы бири-бирине кадоо аркылуу кайчылаша бириктирилип, бирөөнүн баш жагы колго илинбеген буюмдарды чымчыгыдай ичин карай ийилип, экинчи жагы кармаганга ылайыкталып, түз жумуру темирден жасалат. Ал негизинен устачылыкта, зергерчиликте жана үй-тиричилигинде кеӊири колдонулат. Аттиштин башка түрүн кемпирооз деп аташат.

                                                                                                                      С. Искакбаев.