АТРОПИН

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:57, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТРОПИН ‒ ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүктөрдөн (меӊдубана, адырашман, чочко жаӊгак, белладонна ) алынуучу алкалоид. Атропиндин күкүрт, күкүрт кычкыл туздарынын суудагы эритмелери медицинада жараат, ичеги, өт жолдорунун ооруларына, бронх астмасында, көздү текшерүүдө каректи чоӊойтуу үчүн жана морфин, ацетилхолин ж. б. менен уукканда колдонулат. Атропин менен ууланганда, көздүн кареги чоӊоюп, тамырдын кагышы тездейт. Бул учурда алгачкы жардам көрсөтүү (ашказанга суу же активдүү көмүр кошулган суу жүгүртүү) керек.