АТАКАМА

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАКАМА ‒ Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22‒27° түштүк кеӊдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22° түштүк кеӊдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. Атакама чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эӊ кургакчыл жери). Атакама аркылуу Лоа дарыясы агат. Негизинен кум жана шор топурактуу; сейрек бадал жана кактус өсөт. Натрий жана калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукикамата, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. Атакама индейлер тилинде ‒ «чөлдүү жер» дегенди билдирет.