АТАЙЫН ФУНКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН ФУНКЦИЯ – математиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн, математикалык физиканын маселелерин чыгарууда көп кездешүүчү функциялардын классы. Атайын функция даражалуу катарлар, чексиз көбөйтүндү, удаалаш дифференциалоо, дифференциал, айырмалык интеграл жана функционалдык теӊдемелер, тригонометриялык катарлар жана башкалардын жардамы менен аныкталышы мүмкүн. Атайын функциянын кыйла маанилүү классына бета-, гамма-, дзета-функциялар, гипергеом., параболалык цилиндр функциялары Бессель, Лежандр, Ламе, Матье функциялары, интегралдык синус, интегралдык косинус, толук эмес гамма-функция, ыктымалдык интегралы, эллипстик интеграл, Римандын дзета-функциясы , автоморфтук функция ж. б. кирет.

Ад.: Прудников А. П., Брычков И. А., Маричев О. И. Интегралы и ряды. Специальные функции. М., 1983.

Б. Назаркулова .