АСТЕК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСТЕК ТИЛИ (ацтек, науа, науатль тилдери ) ‒ ютоастек тилдеринин бир бутагы. Мексикада жана Сальвадордо, мурда Гватемалада, Гондураста жана Никарагуада тараган. 1 млндон ашык (2000) киши Астек тилинде сүйлөшөт. 14‒16-кылымдарда пиктографиялык жазууга, кийин 16-кылымдан латын графикасына өткөн.