АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. Асман экваторунун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° φ бурч менен жантайган, мында φ ошол жердин кеӊдиги. Асман экватору асман сферасын түндук жана түштүк жарым шарга бөлөт. Асман экваторун математикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.