АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ – Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.