АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:39, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. Аскер шаймандарына: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы жана башкалар кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин Аскер шаймандарында айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.