АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн жана кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш жана жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу жана петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар жана башкалар), канттар жана лампастар кирет.