АСКЕР

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР– I) мамлекеттин куралдуу күчү жөнүндө жалпы аталыш, 2) кээ бир мамлекеттердин армияларында катардагы жоокерлердин наамы. Көчмөн элдерде, анын ичинде кыргыздарда аскерлердин түрүнө, курамына карата атчан Аскер, жөө Аскер, ал эми түзүлүшү боюнча ондук, жүздүк, миңдик, түмөн, кошуун, кол жана башка болуп бөлүнгөн. Аскер башчыларды он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, колбашчы ж.б. деп аташкан.