АСИКАГА

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСИКАГА– Япониянын орто кылымдагы аскердик-феодалдык башкаруучулары – сегундарынын 2-династиясы (1335–1573). Асикагалардын бийлиги жергиликтүү княздардын (дайме) күч алуусунан улам бекем болгон эмес. 15-кылымдын ортосунан башталган ич ара феодалдык согуштардын натыйжасында өлкөдө бир нече өз алдынча княздыктар түзүлүп, Асикагалардын бийлиги алсыраган. Алардын акыркы сегунун Нобунага Ода (1534–1582) бийликтен кулаткан.