РУБОБ
Jump to navigation
Jump to search
РУБОБ, р у б а б – Жакынкы, Орто Чыгыш өлкөлөрүндө, Түштүк жана Борбордук Азияда тараган кылдуу чертме музыкалык аспаптардын жалпы аталышы. Алар кашгар рубоб, афган рубоб, Бухара рубоб, тажик рубоб болуп бөлүнөт. Адатта алардын беренелүү жана беренеси жок эки түрү колдонулат (мисалы, кашгар рубоб 23–25 беренелүү, ат эми памир рубобдун беренелери жок).