РЕЧИТАТИВ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:41, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''РЕЧИТАТИВ''' (латынча recitativo – үндү кооздоп, кыраатын келтирип окуу, көркөм окуу) — табигый сүйл...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

РЕЧИТАТИВ (латынча recitativo – үндү кооздоп, кыраатын келтирип окуу, көркөм окуу) — табигый сүйлөөгө жакын вокалдык музыка түрү. Речитативде белгилүү бир добуш бийиктигин, ыргактык бирдикти кайталоо туруктуу сакталгандыктан, анын ыр менен болгон байланышы шарттуу түрдө гана жолугат. Речитативдин негизин сүйлөө интонациялары (мисалы, суроо, кайрылуу жана башкалар) түзөт. Речитатив XVII кылымдын башында операнын жаралышы менен пайда болгон. XVIII кылымда речитативдин эки түрү – secco («кургак») жанa accompagnato («коштоосу бар» же «обондуу») калыптанган. XIX кылымда речитативдин обондуу түрүн күчөтүү ишке ашырылып, ал ариозолук_речитативге айланган.