ПОЛУЭКТОВ Сергей Александрович

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ПОЛУЭКТОВ''' Сергей Александрович (1953-жылы туулган Фрунзе шаары (азыркы Бишкек шаары) — пианис...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ПОЛУЭКТОВ Сергей Александрович (1953-жылы туулган Фрунзе шаары (азыркы Бишкек шаары) — пианист, композитор, дирижёр. Музыканттын үй-бүлөсүнөн. 1968-жылы Москва мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы консерваториясынын алдындагы окуу жайынын композиция классында окутан. Бирок пианист болгусу келип 1970-жылы Ленинград мамлекеттик Н. А. Римский-Корсаков атындагы консерваторияга өтөт. 1973-жылы аны бүтөрү менен Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Кыргыз мамлекеттик М. Абдраев атындагы опера жанa балет театрында концертмейстер болуп иштейт. 1976-жылы Саратов мамлекеттик Л. В. Собинов атындагы консерваториянын фортепьяно факультетин сырттан окуйт. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасына которулуп, 1983-жылы бүтүрүп Кыргыз мамлекеттик опера жанa балет театрында концертмейстер, дирижёр катары эмгектенет. У. Мусаевдин «Томирис», Т. Хренниковдун «Сүйүү артынан сүйүү», Перголезинин «Кызматчы-айым» аттуу спектаклдерин коюуга катышкан. Дирижёр-коюучу катарында «Испаниянын келбети» аттуу балетти тартуулайт. 1984-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. 1978-жылы «Мальчиш-Кибальчиш» балети А. Малдыбаев атындагы опера жанa балет театрында, 1979-жылы Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайында коюлат. Жазуучу Ч. Айтматовдун повести боюнча жазган «Биринчи мугалим» симфониялык поэмасы фортепьяно менен оркестр үчүн жазган рапсодиясы Свердлов мамлекеттик А. В. Луначарский атындагы опера жанa балет театрында аткарылат. «Созвездие» операсын К. Симонов менен Н. Нгувонун сөзүнө сопрано, хор жанa симфониялык оркестр үчүн симфонияны, «Нарьн каскады» симфониялык сүрөттөмөнү, М. Баетовдун «Даанышманынын» темасына симфониялык оркестр үчүн фантазияны, «Менин Кыргызстаным» телефильмине музыка жазган. Темаларынын жаңылыгы, жаңы ыкмаларды, жаңы кайрыктарды, ыргактарды колдоно билүүдөгү чеберчилиги, чыгармаларынын көп түстүүлүгү менен айырмаланат.