АРХОНТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРХОНТ (гр. archon – башкаруучу, бийлөөчү) — байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар боюнча биздин заманга чейин 11-кылымында Афиныда падышалык бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою Архонт болуп дайындалышкан. Биздин заманга чейин 8-кылымдан анын мөөнөтү 10 жыл, ал эми 7-кылымдан 1 жыл менен чектелген. 1-Архонт эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2-Архонт басилей, 3-Архонт полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Биздин заманга чейин 7-кылымдын ортосунда дагы 6 Архонттук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган Архонттор коллегиясы башкарып калган. Биздин заманга чейин 5-кылымдан Архонттор коллегиясы маанисин жоготкон.