АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 11 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР– белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин жана алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. Археологиялык карталар эстеликтердин же археологиялык маданияттын айрым түрлөрү боюнча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы Археологиялык карталар түзүлөт. Кыргызстанда кээ бир райондор боюнча Археологиялык карталарды А.И. Бернштам, А. К. Kuбиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский ж. б. адистер түзүп чыгышкан.