АРХЕЙ ЗАМАНЫ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 11 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРХЕЙ ЗАМАНЫ – жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоо тектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу жана графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-жылы киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана Архей заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоо тектер бүт камтылат. Кыргызстанда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. Архей заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.