АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТИКУЛЯЦИЯ м у з ы к а д а – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо менен өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.