АРАКС

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАКС – Закавказье менен Түркиядагы (башталышы) дарыя, Куранын оң куймасы. Узундуг 1072 км, алабынын аянты 102 миң км². Башталышында кууш терең өрөөн аркылуу агат, ортоңку агымында (Арарат түздүгү) өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Төмөнкү агымы Кура Аракс түздүгү аркылуу өтөт. Орточо чыгымы төмөнкү агымында 285 м³/сек. Аракс жылына 16 млн т агынды алып келет. Aракста СССР менен Иран курган гидротехникалык комплекс иштейт.