АПОРТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:29, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПОРТ – алманын кеч бышуучу эң байыркы сорту. Мөмөсү өтө чоң, салмагы 200-400 г, кээ бири 800 г, даамы кычкыл таттуу. Ал кышка чыдамдуу, ар бир дарактан 200-400 кг түшүм алынат. Мөмөсүнөн как жана повидло жасалат. Россия, Казакстан, Украинада өстүрүлөт. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүндө Алек­сандр, Кызыл Апорт кеңири таралган.