АНТЭКОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТЭКОЛОГИЯ (гр. anto – гүл жана ... экология) – биоэкологиянын бир бөлүгү; өсүмдүктөрдүн гүлдөө жана чандашуу процесстерин изилдейт. Терминди 1904-жылы Ч. Робертсон киргизген. Азыркы учурда антэкология гүлдөрдүн экологиясы, г ү л д ө ө н ү н экологиясы жана ч а ң д а ш у у н у н экологиясы аттуу үч багыттан турат. Биринчи багыт экологиялык кырдаалды эсепке алуу менен гүлдөрдүн чаңдашууга ыңгайланышын, экинчи багыт жаратылыш факторлорунун (жарык, температуpa, нымдуулук ж. б.) гүлдүн өсүү функциясына таасир этүүсүн жана үчүнчү багыт экологиялык факторлордун – гүлдөрдүн чаңдашуу процессине кыйыр таасир этүү менен бирге алардын өз ара көз карандылыгын изилдейт.