АННАБА

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АННАБА (мурдагы Бон) – Алжирдин түндүк-чыгышында жайгашкан шаар. Аты окшош вилайинин административдик борбору. Калкы 206,6 миң (2005). Жер Ортолук деңиздеги ири порт (жылдык жүк айлануусу 8 млн т, анын ичинде 5 млну нефть). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Антика дооруна таандык Гиппон шаарынын урандыларынын ордуна 1-кылымда римдиктер финикиялык айылдын ордуна курушкан. Биздин заманга чейин 9-кылымга чейин сакталган. Шаар 11-кылымдан ири порт. Эски шаардын айрым бөлүктөрү, Сиди бу Меруан мечити (1033-жыл чен; толугу менен кайра курулган), университет (1995) бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай борбору. Металлургия (Эл-Хажар комплекси), металл иштетүү, тамак-аш, текстиль жана химиялык өнөр жай иштейт.