АНДАМАН ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:23, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДАМАН ДЕҢИЗИ – Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка аралынын, Андаман жана Никобар аралдары тизмегинин жана Суматра аралынын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат. Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун температурасы 26–29°С, туздуулугу 31,5 –32,5‰ (жайында), 30,0–32,0‰ (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот (7,2 мге чейин). Негизги порттору: Янгон, Жоржтаун.