АНДАЛУСИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:19, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДАЛУСИЯ – Испаниянын түштүгүндөгү тарыхый облус. Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын жээгинде. Аянты 87,3 миң км².

Калкы 8,4 млн (2017). Андалусиянын аймагында Альмерия, Гранада, Кадис, Кордова, Малага, Севилья, Уэльва, Хаэн провинциялары жайгашкан. Башкы шаары – Севилья.