АРКФУНКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКФУНКЦИЯ (лат. arcus – жаа ж-a функция), тескери тригонометриялык функциялар – берилген тригонометриялык функциялардын тескери функциялары. Синус, косинус, тангенс, котангенс, секанс ж-a косеканска тескери функциялар: арксинус, арккосинус, арктангенс, арккотангенс, арксеканс, арккосеканс. Алар Arcsinx, Arccosx, Arctgx, Arcctgx, Arcsecx, Arccosecx түрүндө белгиленет. Arcsinx ж-a Arccosx функциялары |x| ≤ 1 (анык сандар облусунда), Arctgx ж-a Arcctgx функциялары – бардык чыныгы сандар Х, ал эми Arcsesx ж-a Arccosecx функциялары |x| ≥ 1 үчүн аныкталат. Тригонометриялык функциялар мезгилдүү болгондуктан, алардын тескери функциясы көп маанилүү функциялар болушат. Бул функциялардын бир маанилеш негизгилери төмөнкүчө белгиленет: arcsin х, arccosx, ... Тактап айтканда, arcsinx функциясы Arcsinx функциясынын

шарты орун ала тургандай негизи болуп саналат. Ушул эле сыяктуу, arccosx, arctgx ж-a arcctgx функциялары тиешелүү түрдө төмөнкү шарттардан аныкталат: 0<arccos х≤π,


. Тескери тригонометриялык функциялар Arcsinx, ... оңой эле arcsinx, ... функциялары аркылуу туюнтулат, мис.,


Тескери тригонометриялык функциялар төмөнкүчө байланышкан:

Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\textstyle \arcsin x + \arccos x= {\pi \over 2}, -1 \le x \le 1, }

Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\textstyle \arcsin x + \arccos x = x = {\pi \over 2}, -\infty < x < + \infty }


А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.