АТООЧТУК

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТООЧТУК ‒ этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге ‒ган, ‒ар, ‒бас, ‒оочу/уучу, ‒а, е, й + элек, ‒гыс ж. б. мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мис., Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат).

С. Мусаев.