АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ, б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында ак шыбак Ассоциациясында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша Ассоциациянын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.