АССОНАНС

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССОНАНС (фр. assonanсе ‒ үндөштүк, уйкаштык) ‒ уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык ыкма. Мындай кайталоо, же үндүүлөрдүн үндөштүгү ырдын башында же бүтүндөй ыр жолдорунда болушу мүмкүн. Ассонанс элдик ырларда көп кездешет (мис., Агарып аткан таӊ бекен, Агарган таӊдай жан бекен. Асмандап учкан каздайым, Ак жайык жаткан саздайым). Мисалдардан көрүнүп тургандай, «а» тыбышынын кайра-кайра кайталанышы Ассонанс түзүп, поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун арттырууда.