АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн жана кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш жана жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу жана петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар ж. б.), канттар жана лампастар кирет.