АСАКЕЕВА Динара Жолдошевна

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАКЕЕВА Динара Жолдошевна (1965-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп айылы) – филолог, филология илимдеринин доктору (2016). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн (1988). Азыркы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу, доцент, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, К. Карасаев атындагы БГУда доцент, профессор. 80ден ашык илимий эмгектин автору. Эмг.: Теория литературы. Б., 2013. жана башка.