АРГЕНТИТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГЕНТИТ – (латынча argentum – күмүш), күмүш жалтырагы – күмүш сульфиди, минерал. Химиялык формуласы AgS. Куб сингониясында кристаллданат – 2,5. Салыштырма салмагы 7,4. Төмөнкү жана орто температуралуу гидротермдик күмүш кендеринде кез­дешет. Күмүш алынуучу негизги минералдардын бири.