АНТИЦИКЛОН

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИЦИКЛОН – атмосферанын жогорку басымдуу аймагы; борборунда басым жогору (1070 мбтка чейин) болуп, чет жакасына карай азая баштайт. Туурасы 2–3 миң кмдей. Антициклонго Түндүк жарым шарда саат жебеси боюнча, Түштүк жарым шарда ага карама-каршы согуучу атмосфералык куюн, шамал, сейрек булуттуу, кургак аба ырайы мүнөздүү.