АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:13, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ‒ атмосферада болуучу физикалык кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атмосферада жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атмосферадагы оптикалык, электрдик, акустикалык жана башка кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физикалык же анализдик жолдор менен аныктайт. Атмосфера физикасы метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, кара. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.