АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна (1958 – жылы туулган, Ош шаары) – медицина илимдеринин доктору (2016). КММИни бүтүргөн (1981). Эмгек жолун Кыргыз эпидемиология, микробиология жана гигиена ИИИде кенже илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. СССР МИАнын А.Н. Сысоев атындагы жалпы жана коммуналдык гигиена ИИИде аспирант; Кыргыз эпидемиология, микробиология жана гигиена ИИИде лаборатория башчы, ага илимий кызматкер; КР саламаттык сактоосунун “Профилактикалык медицина” МЭУда жетектөөчү илимий кызматкер. Анын 52 илимий эмгектери, анын ичинде 2 окуу китеби, 2 ойлоп табуунун патенти, 4 методикалык көрсөтмөлөрү жарык көргөн.

Эмг.: Питание и здоровье: учебник.–Б. 2013.– 332 с. (в соавт).