АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ– христиандык чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени, анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-жылы Григордун демилгеси менен Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган жанa Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. Армян-апостол чиркөөсүндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млнго жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар.