АРКОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКОЗДОР, аркоз кумдуктарынегизинен гранит, гнейс жана башкалардын талкалануусунан пайда болгон катуу тоотектер. Аркоздор талаа шпаттары, кварц, кээде слюда жана башка минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өңү кызгылт, Кызыл же агыш, одуракай бүртүкчөлүү, сырткы көрүнүшү гранитке окшошураак. Түштүк Кыргызстанда, айрыкча бор мезгилинде пайда болгон тоотектердин арасында көп учурайт.