АРКЕСИЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРКЕСИЛАЙ (биздин заманга чейин 315, Этолиядагы Питана – 240, Афины) – байыркы грек философу, платончул академиянын башкаруучусу, «Экинчи» (Орто) академиянын негиздөөчүсү. Ал догматизмге каршы болуп, «бардыгын дагы бир жолу изилдөө» принцибин өнүктүргөн. Анын пикиринде философиянын башкы максаты – акыйкатка ээ болуу эмес, адашуулардан арылуу. Мындай көз караш ойчулду ой-жүгүртүүлөрдөн алыс болуу жобосуна алып келген. Анын ою боюнча чындыкты акыл-эстин да, сезимдин да жардамы менен таанып билүү мүмкүн эмес. Ушул себептен ал ой жүгүртүүдөн оолак болууга чакырган. Ал адамдын тажрыйбалык ишмердиги жетиштүү деген.
Г. Т. Ботоканова.