АРГУНЬ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРГУНЬ – (монголчо ёргун – кенен, жазы) – Рос­сия менен Кытайдагы дарыя; Амур дарыясынын оң курамы. Узундугу 1620 км, алабынын аянты 164 миң км2. Кытайдагы Чоң Хинган деген ат менен башталат. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат. Орточо чыгымы 340 м³/сек. Ноябрдын аягынан майдын башына чейин тоңот. Олочи станциясынан тартып кез-кезде кеме жүрөт.