АРГИЛЛИТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:14, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРГИЛЛИТ (грекче argillos – чопо, lithos – таш) – диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоо тек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. Аргиллиттер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.