АРАФУРА ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАФУРА ДЕҢИЗИ – Инди океанындагы четки деңиз. Австралия, Жаңы Гвинея, Танимбар жана Кай (Индонезия) аралдарынын аралыгында. Аянты 1017 миң км2. Эң терең жери 3680 м. Чоң булуңу – Карпентария. Суусунун орточо температурасы 25°Сден 28°Сге чейин. Туздуулугу 34–35‰. Суткасына 2 жолу ташкындайт (ташкындын бийиктиги 2,5–2,6 м).